Эртеңден тарта Кыргызстандын жарандары Мальдив аралдарына визасыз кире алат

  • 11 месяцев мурун

Эртең, 20-августта Кыргызстан менен Мальдив аралдарынын ортосундагы визасыз режим киргизүү тууралуу макулдашуу күчүнө кирет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

ТИМ билдиргендей, макулдашууга тараптар 2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюшкан. Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 3-майда кабыл алган.

Ага ылайык, Кыргызстандын жарандары Мальдив Республикасында, Мальдивдин жарандары Кыргызстандын аймагында 30 күн визасыз жүрө алышат.

Мальдив Республикасы Индустан жарым аралынын түштүк жагында, Инд океанындагы аралдардан куралган мамлекет. Индия жана Шри-Ланка мамлекеттери менен кошуна. Мальдивдин борбору — Мале шаары. Калкынын саны жарым миллиондун тегерегинде.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты