Эртең Бишкектин Чүй проспектисинин бир бөлүгүндө унаа кыймылы токтотулат

  • 1 год мурун

Эртең, 29-апрелде Бишкектин Чүй проспектисинин бир бөлүгүндө унаа кыймылы токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-апрелде саат 16:00дөн 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында майрамдык концерттин өтүшүнө байланыштуу унаа кыймылына чектөө киргизилет.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, каттамды алдын ала пландаштырып алууну суранат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты