Эртең Бишкекте Биринчи Элдик Курултай ишин баштайт

  • 1 год мурун
Эртең Бишкекте Биринчи Элдик Курултай ишин баштайт

Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен эртең, 25-ноябрда, Бишкекте Биринчи Элдик Курултай ишин баштайт. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара эки күн 25-26-ноябрга созулат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышат. Курултайдын жыйынтыгы боюнча Биринчи Элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты