Эртең Бишкекке жылуулук бериле баштайт
- 20 часов мурун
Бишкек шаарынын метеорологиялык болжолдоосун жана тышкы абанын температурасын, жакынкы күндөрдө анын өзгөрө турганын эске алуу менен, штаб борбордо жылытуу мезгилин 2024-жылдын 22-октябрынан баштоо чечимин кабыл алган.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койгон.
Борбор шаардын мэриясы объекттерди туташтыруу бир нече күнгө созуларын билдирди. Биринчи кезекте – ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери, экинчиден — турак жай имараттары, өнөр жай ишканалары жана мекемелерге берилери айтылды.
Буга чейин 22-октябрдан тартып Бишкек шаарында жылуулук бериле баштаары тууралуу 15-октябрда, Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирген.
Өткөн жылы Бишкекте жылуулук 31-октябрдан тартып бериле баштаган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан