Эртең Ала-Тоо аянтында «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын башкы байгелери ойнотулат

  • 1 год мурун

Эртең, 1-июлда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Мамлекеттик салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын башкы байгелери ойнотулат.

Салык кызматынан билдиришкендей, иш-чарада 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо, жалпы 13 байге ойнотулат.

Ошондой эле, аянттагы көрүүчүлөр үчүн дагы кошумча 15 смартфон ойнотулат.

Иш-чара кызыктуу шоу-программа жана эстрада жылдыздары катышкан чоң концерт менен коштолот.

Иш-чара саат 19:00дө башталат.

20.00дөн тартып утуштар УТРКда, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз алып көрсөтүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты