Эрмек Нургазиев тергөөнүн аягына чейин камакта болот

  • 2 года мурун

“Эмма строй” курулуш компаниясынын башкы директору Эрмек Нургазиев тергөө иштери бүткөнгө чейин №1 тергөө абагына камалды.

Бул маалыматты «Азаттыкка» Чүй облустук милициясы ырастады.

Расмий маалыматка караганда, Нургазиев алдамчылыкка шектелип, 18-мартта кармалган.

Ал турак жай курулуш кооперативдеринин биринин төрагасы болуп туруп, мурда сатылган батирлерди кайра сатып жиберген. Натыйжада 68 миң 550 доллар материалдык чыгым келтирилген.

Учурда Нургазиевге үстүнөн дагы жети арыз келип түшкөн. Келтирилген зыяндын жалпы сумасы 7 миллион 845 мин сомду түзгөн.

Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп бир күн иштеген.

Сүрөттө: Эрмек Нургазиев. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты