Эрлан Бекчороев: “Алкыштын да, каргыштын да жүгү Садыр Жапаровдо”

“ПолитКлиника” медиасы Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакка алынган активист Эрлан Бекчороев менен маек курду. Кат аркылуу алынган маекте активист камактагы шарттар тууралуу маалымат берип, акыркы саясий кырдаал боюнча пикирин билдирди.

– Эрлан мырза, ден-соолугуңуз жакшыбы? Камеранын шарттары кандай? Кыйналган жоксуздарбы?

– Албетте, баштапкы он күн ичи бир аз кыйын болду. Баары бир эркиндик чектелгенде муздак дубалга көнүп кетүү кыйын. Акырындап көнүп кеттик. Бирок башка оорулар козголбой койбойт. Азыр бизге бийлик төрт айга бекер кеңсе белек кылбадыбы, бул жерден эркиндикте чоло тийбеген китептерди окуп бүтүрдүм. 

– Кимдер менен отурасыз? Үй-бүлөңүз менен канчада бир жолугуп турасыз? Жолугууга тоскоолдуктар болбой элеби? 

– Камерада үчөөбүз отурабыз. Буга чейин үй-бүлөм менен сотто гана жолукпасак, жолуктурчу эмес. Бир гана жолу жолугууга уруксат беришти. Мени менен бирге камалган саясатчылар менен дагы сот учурунда гана жолукпасак, башка уруксат жок. 

Камерадан дарегиңизге карата коркутуулар болгон жокпу? 

– Бул жерде эч кандай коркутуулар жок. Бирок өзгөчө кайтаруудабыз. Ар бир кадамыбыз тыкыр көзөмөлдө.

– Сиз өзүңүздүн камалышыңызды эмне менен байланыштырып атасыз? 

– Азыр бийликти сындап жазгандар арбыды. Мен бул бийликтин октябрь окуясынан баштап элдин үмүтүн уурдоого аракетин көрүп эле түңүлгөм. Ошол күндөн ушул күнгө чейин мыйзамсыз кадамдарына, элдин менчиги болгон жер, суу ресурстарын энчилеп өз билемдик кылып жаткандарына, Конституцияны тебелеп, сөз эркиндигин муунтуп, парламентаризмди сындырып, демократиялык баалуулуктарга кол салып, авторитардык режимге өтүп баштаган күндөн баштап каршымын. Ушул кадамдарым үчүн камактамын. Бийлик “буларга Кемпир-Абад жөн гана шылтоо, максаты төңкөрүш кылуу болчу” деп айтып жатат. Тескерисинче, бийликтин Кемпир-Абад маселесине байланыштырып бизди камаганы бул жөн гана шылтоо. Булар бизди камап, “Азаттык”, “Клооп”, “24.kg”, “Кактус” өңдүү ачык жазган эркин медиаларды жаап, каалагандай калп айтып, каалагандай тайраңдап алууну эңсеп келе жатышкан. А биз аларга аябай тоскоолдук жараттык. 

– Социалдык тармактарда акыркы массалык камоолорду Кемпир-Абад маселесине байланыштырып атышат. Сиздин Кемпир-Абад боюнча пикириңиз кандай эле?

– Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон алгачкы иш сапарында Кемпир-Абад боюнча келишимге макулдук бергенде, Камчыбек Ташиев “байкабай 100 гектар берип алыптырмын”  деген күндөн баштап митингдерди өткөрүп, жергиликтүү эл менен бирге каршы туруп, плотинанын жанындагы жерди алып калууга чоң салым кошконбуз. Анда саясатчы Жеңиш Молдокматовду камап, он айдан кийин чыгарышты. Айтор, Кемпир-Абадды коргоо үчүн бүгүн эле пайда боло калган жокпуз. Муну жергиликтүү эл калп дедиртпейт. 

– Жакында эле курултай болуп өттү. Курултай боюнча эмнелерди айта аласыз?

– Эч кандай маселе чечпеген чалдар чогулган маареке сыңары, курултай эмес, “чурултай” болорун буга чейин деле жазып жүрчүмүн. Так эле ошондой курултай болгонун камакта отуруп көрдүм. Аймактардан губернатор, акимдер аксакалдарды чогултуп келип беришип, түркмөндөрдүн колду кандай чабарын репетиция кылдырып кетишти.

Деги эле акыркы саясий кырдаал боюнча кандай пикир айтасыз? 

– Биздин бийликтин жүргүзгөн саясаты бизди эле эмес, дүйнө коомчулугунун кыжырын келтирүүдө. Жарандык коом көрсөткөн жолду чанып, көлчүктө баратышат. Биз аларга душман эмес экенибизди кеч түшүнүшөт. Биздин мамлекет, эл үчүн күйгөнүбүз каалайбызбы, каалабайбызбы Садыр Жапаровдун гана аброюн сактайт. Анткени мамлекетке жалгыз жоопкер адам — президент. Алкыштын да, каргыштын да жүгү Садыр Жапаровдо. 

– Президент Садыр Жапаров, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев учурда кандай иш алып барып атат? 

– Бүгүн коомчулукта, тар чөйрөдө өлкө башчы катары Камчыбек Кыдыршаевичти айтып калышпадыбы. Айрым саясатчылар кайсы бир маселелерин Камчыбек Ташиев аркылуу чечип жаткандыгын көп эле уктук. Айтайын дегеним, “де-факто” Камчыбек Жапаров, “де-юре” Садыр Жапаров президент экенин практика көрсөтүп жатпайбы. Тактап айтканда, бүгүнкү күндө бийликтин 80 пайызын Ташиевдин кадрлары тейлейт. Регионалдык балансты эске алсак, кийинки президент Камчыбек Ташиев болуп калышы мүмкүн. 

Арийне, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун ички тирешинин учкуну бизге дагы тийип камактабыз. Саясий чыңалуулар күчөп эки ажолуу бир өлкөнүн өнүгүүсү тарткынчыкта калды. Чоң кызматтагы кадрлар кимисин угарын билбей, бир эшиктен тозокту көрүп, бир эшиктен бейишти уга берип керт баштарын гана ойлоп жүрүшөт. Ошондуктан экономикадагы сандык манипуляциялар, кадр саясатындагы туруксуздук кайра-кайра орун алып жатып өлкөбүз курмандыкка чабылды.

Эрлан Бекчороев: “Алкыштын да, каргыштын да жүгү Садыр Жапаровдо”
Эрлан Бекчороев: “Алкыштын да, каргыштын да жүгү Садыр Жапаровдо”
Эрлан Бекчороев: “Алкыштын да, каргыштын да жүгү Садыр Жапаровдо”

Маектешкен: Кымбат Турдубекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты