Эркинов: «Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду 5 млн долларга чейинки долбоорлорго каржылык колдоо көрсөтүүгө даяр»

  • 2 года мурун

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду 10 жылдык мөөнөт менен 5 млн долларга чейинки долбоорлорго каржылык колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Темирбек Эркинов облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын республикалык кеңешмесинде билдирди.

Эркиновдун айтымында. Учурда фонд 8 долбоорду ишке ашырууда. Анын ичинде кичи ГЭСтерди куруу, ошондой эле ата мекендик балды Европа өлкөлөрүнө экспорттоо жанданууда.

Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду 2021-жылдын 7-сентябрында эки өлкөнүн өкмөтү тарабынан ратификацияланган. Фонд өз ишин 2021-жылдын 5-ноябрь айынан баштаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты