Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси болуп дайындалды

  • 1 год мурун
Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси болуп дайындалды

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ал 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын октябрь айына чейин транспорт жана коммуникация министри кызматын аркалап келген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты