Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү өлкөгө кайтып келишти

  • 9 месяцев мурун

Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү өлкөгө кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 27-октябрь күнү эркин күрөш (U-23) боюнча курама команданын мүчөлөрү Тиран шаарында (Албания) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынан кайтып келди. Спортчуларды “Манас Эл аралык аэрпортунан” Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, Кыргыз Республикасынын күрөш федарациясынын өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары тосуп алды.Белгилей кетсек, эркин күрөш боюнча курама команда Дүйнө чемпионатында 2 коло медаль жеңген. 57 кг чейинки салмакта Бекзат Алмаз уулу жана 61 кг чейинки салмак ченинде Тайырбек Жумашбек уулу 3-орунду камсыз кылышты. Курама команда башкы машыктыруучу Руслан Маджинов, улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу жана Ислам Тазабековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты