“Эркин айым — өнүккөн Кыргызстан!”.  Аялзатынын укугун чектөөгө каршы акция  

  • 2 года мурун

Бишкекте бүгүн, 15-июнда, Ак үйдүн алдында “Эркин айым – өнүккөн Кыргызстан!” аттуу акция өттү.  Анда чогулгандар аялзатынын чет мамлекеттерге чыгуу  укугун чектөөгө каршы чыгышууда.

Конституциясда белгиленгендей, эркектер жана аялдар бирдей укукка жана эркиндикке ээ жана аларды ишке ашырууда алардын мүмкүнчүлүктөрү бирдей.
Ошондуктан Жогорку Кеңештин 2022 жылынын 9 — июнундагы отурумунда Жогорку Кеңешинин депутаты Атазов Шайлообек тарабынан айтылган адамдын негизги укуктарынын бири «жашоо ордун тандоо жана орун которуу» укугуна тоскоолдук жарата турган сөзүнө байланыштуу IDEA CA командасы кабатыр оюн билдирди.

«Кыздардын укугун жана эркиндигин чектеп салса, анын келечегине коркунуч жаратып, кесибин, жашаган жерин жана жубайын тандоосун чектеп салат. Демек, өлкөнүн келечегине коркунуч туудурат» деп айтылууда акцияда.

Акцияга чогулгандар “Кыздардын укуктарына тийбегиле!”, “Эркин аял – өнүккөн өлкө!” ж.б. ураандарды айтып жатышат.  

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 9-июндагы жыйында 18 жаштагы кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна айрым чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Депутат миграция маселесин көтөрүп, кыздарды чет өлкөгө ата-энелердин коштоосунда жиберүү керектигин айткан.

Бул акцияга чыккандарын алдына Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Марлен Маматалиев, Айбек Осмонов чыгышты. Депутат Шайлообек Атазов “Ак бата”, “Дордой” конуштарынан мында чогулгандардан да көп адам чыгарын,  анын пикирин колдой турганын билдирди.  

«Плакаттарды көтөрүп алып, мени коркутпагыла, мен корккондон калгам. Булардын артында чоң күчтөр бар» деди Атазов.

«Биз дагы кыздардын укугун, коопсуздугун эске алышыбыз керек» деди Шайлообек Атазов

Бул акцияга каршы чыккандарга каршы адамдар да чыгышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты