Эрбол Султанбаев: жаңы административдик имараттын курулушу өлкөнүн кадыр-баркын көтөрөт

  • 2 года мурун

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттик администрациянын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушу боюнча айтылып жаткан сындарга жооп берди.

Султанбаев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу бул имаратты куруу үчүн алмашылган борбордогу 16 гектар жерге заманбап инфраструктура куруларын билдирди.

«Биз 16 гектар жерди Президенттин Администрациясынын имаратын курууга алмаштырып жатабыз. Сиздерге белгилүү болгондой, буга чейин Бишкекте жерлер жеке колдорго арзыбаган акчага кетип келген. Мамлекет аз пайда алып, ал турсун кээде башаламан курулуштардын аянты көбөйчү. Эми акыры бюджеттик каражатты коротпой эле жаңы заманбап имаратка ээ болобуз, ал жерде кандай гана чет элдик делегациялар болбосун кабыл алуу уят болбойт, ал эми борбордогу 16 гектар жерге заманбап инфраструктура курулат. Бул ошондой эле Кыргызстандын аброюна тийиштүү маселе. Чет мамлекеттерге барганда алардын административдик комплекстерине, архитектурасына дайыма суктануу менен карайбыз. Кудай буюрса, эми өлкөбүздүн коноктору да бизге ушундай суктануу менен карашсын», — деп жазды президенттин басма сөз катчысы.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 15-апрелде президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салган. Президент аянты 21 миң чарчы метрди түзгөн жаңы имарат сапаттуу салынышы керектигин айткан. Өлкө башчынын басма сөз кызматы жаңы административдик комплекс курулуп мамлекеттик органдар бир жерге жайгашса, чечимдерди иштеп чыгуу процесси тездеп, Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү автожолдогу жүк азая турганын билдирген.

Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары өлкөдө экономикалык кыйын кырдаалда президенттин жаңы администрациясы курулуп жатканын сындап чыгышкан. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты