Садыр Жапаров Тажикстандын президенти менен сүйлөштү

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Бүгүн, 16-сентябрда президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.

Эки өлкөнүн лидерлери тийиштүү түзүмдөргө ок атышууну токтотуу жана ок атышуу линиясынан куралдуу күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча тапшырма берүүнү макулдашты. 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын мамлекеттик коопсуздук министри Саймумин Ятимов жеринде иштеп, окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлөт.

Ошондой эле, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин тездетүү боюнча макулдашуу жетишилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты