Эрбол Султанбаев: «Президенттин эскертүүсүнөн кийин бардык мамлекеттик мекемелер Санариптик өнүктүрүү министрлигине тиешелүү маалыматтарды берди»

  • 2 года мурун

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев санариптештирүүнүн жүрүшү боюнча билдирүү жасады.

«Президент Жапаров буга чейин бир катар министрликтерге жана мамлекеттик органдарга санариптештирүүнүн жүрүшү жана аны активдүү ишке ашыруу үчүн муктаждыктары тууралуу маалымат берилбесе, аларга тиешелүү чаралар колдонуларын эскерткен.

Буга байланыштуу, президенттин эскертүүсүнөн кийин бардык министрликтер жана мамлекеттик органдар Санариптик өнүктүрүү министрлигине тиешелүү маалыматтарды бергенин маалымдайбыз.

Белгилей кетсек, мамлекеттик башкаруу системасын санариптештирүү процесси өлкөнүн жогорку жетекчилигинин артыкчылыктуу багыты болуп саналат жана ал ар дайым президент Жапаровдун көзөмөлүндө турат», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты