Эрбол Султанбаев: «Президент иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгүн ар дайым кубаттайт»

  • 2 года мурун

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун укук коргоочулар менен жолукканы боюнча билдирүү таратты.

«Өлкө башчы Садыр Жапаров бир катар укук коргоочулар, жарандык коомдун активдүү өкүлдөрү менен жолугушууда коомдогу актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты. Анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын, иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгү туурасында да сөз болду. Президент иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгүн ар дайым кубаттайт. Алар мыйзамсыз иш-аракеттерди көрсөтүп, бийликке жардам берерин белгилейт. Ошол эле учурда, мамлекет башчынын иликтөөчү журналисттер өз материалдарында бейтараптуулукту карманып, фактыларга таянышы керек деген өтүнүчүн билдиребиз. Илкитөөчү журналисттер маалыматтарды тактап, текшериш үчүн мамлекеттик органдарга кайрылууну сунуштайбыз. Эгер, тигил же бул орган маалымат бербей, ашыкча бюрократия кылса мага же президенттин администрациясына кайрылыңыздар. Биз так маалыматты алып беребиз. Өз кезегинде, бардык иликтөөлөр ар тараптуу, объективдүү жана адилеттүү болушу керек деп дагы бир жолу кайталайбыз», — деп жазды Султанбаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты