Эрбол Султанбаев чек арада кармалган 84 килограмм алтын боюнча маалымат берди

  • 1 год мурун

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев УКМК чек арада кармаган 84 килограмм алтын боюнча маалымат берди.

Султанбаев «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде «Алтын кен» компаниясы «Ак-Жол» бекетинен 84 кг алтынды Кыргызстанга алып кирип келе жатканда кармалганын тастыктап, алтын коңшу өлкөдө кайра иштетүүдөн өтүп келе жатканын билдирди.

«Ооба, 84 кг алтынды «Ак жол» чек ара постунан алып кирип келе жаткан жеринен «Алтын кен» компаниясы кармалды. Бул эмне алтын экенин чечмелеп берейин. Бизде республика боюнча майда-чүйдөсү менен болуп 100дөн ашык компания алтын казышат. Алардын көпчүлүгү руданы же концентраттарды Кытайга же Казакстанга алып барып, кайра иштетип, алтынын бөлүп алып келишет. Себеби, бизде айрым металлдардан алтынды бөлүп чыгаруучу заводубуз жок. Ошол үчүн илгертен бери эле чет өлкөлөргө алып барып, алтынын бөлүп келгенге буларга мыйзам менен уруксат бериптирбиз«, — деди президенттин басма сөз катчысы.

Султанбаевдин айтымында, өткөн жылы декабрь айында президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 1-майына чейин руда жана концентраттарды кайра иштетүүчү завод куруу тапшырмасын берген. Бирок завод курууга үлгүрбөй бул жарлык 31-декабрга чейин узартылган.

Эрбол Султанбаев «Алтын кен» компаниясы чек арада кармалган 84 кг алтынды салыктан жашырууга аракет кылган деп божомолдонуп жатканын кошумчалады:

«Анткени булар алтынды алып кирип келе жатканда салыкчыларга учетко коюп, 60 млн сомдун тегерегинде салык төлөшү керек эле. Ошону төлөбөй алып кирип келе жатып кармалышты. Кээ бирөөлөр бул окуяны «алтын чыгарып кетип жатып кармалышты» деп бурмалап жатышат, андай эмес. Руда менен концентраттар чыгып жатканда дагы канча тонна чыгып жатканы көзөмөлгө алынат. Ошонун курамынан болжол менен канча алтын чыгыш керек экени дагы лабораториядан өтөт, анан алып кетишет. Кайра ошол алтын бизге келип, салыгы төлөнүп, андан кийин анан кайра чыгарып кетишсе болот. Мыйзамдуу жол-жобосу ошондой. Кудай буюрса, 31-декабрга чейин өзүбүз салып жаткан завод бүтсө, андан кийин баары өзүбүздө кайра иштетилет«.

Белгилей кетсек, 17-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “Ак-Жол” чек ара пунктунан Чүйдөгү ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан унаадан тиешелүү документтери жок, салмагы 84 килограммга жакын алтынды кармаганын кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты