Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жерлерди бөлүү тууралуу жарлыкка кол коюлду

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта азыркы учурда өлкөдө энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдаланууга өтүү маселеси курч бойдон турганы айтылат.

«Казылып алынуучу отундун түрлөрү (көмүр, мунай, жаратылыш газы) күйүү учурунда атмосферага парниктик таасирдин өсүшүнө жана глобалдык ысып кетүүгө өбөлгө түзүүчү көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат.

Ал эми күн, шамал жана энергиянын башка булактары кирген ЭКБ экологиялык таза, анткени алар иштеген учурда дээрлик калдыктар жок, атмосферага же көлмөлөргө булгоочу заттар чыкпайт, мындан башка казылып алынуучу отунду казып алуу, кайра иштетүү жана ташуу менен байланышкан экологиялык чыгымдар жок. Ушуга байланыштуу ЭКБнын көпчүлүгү жашыл, башкача айтканда айлана-чөйрөнү булгабаган экологиялык таза энергетикага кирет«, — деп жазылат прездиенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле бүгүнкү күндө ЭКБ жогоруда аталган казылып алынуучу отундун түрлөрүнө альтернатива болуп саналары жана ал өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жана электр энергиясына болгон баанын туруктуулугун камсыз кылары жазылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты