Энергетика тармагына жаңы жетекчи дайындалды

Энергетика министрлиги «Электр станциялары ААК» компаниясына жаңы башкы директор дайындалды.

Маалыматка ылайык, бул кызматка Улугбек Мамыралиев дайындалды. Тааныштыруу иш-чарасына тармак өкүлдөрү жана компаниянын эмгек жамааты катышты.

Жыйында жаңы жетекчинин алдында энергетикалык объектилердин туруктуу иштешин камсыз кылуу, өндүрүштүк потенциалды бекемдөө жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүү сыяктуу милдеттер коюлганы белгиленди.

Өз кезегинде Улугбек Мамыралиев компаниянын ишин натыйжалуу жүргүзүүгө жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого күч-аракет жумшай турганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты