Энергетика министрлиги: Семиз-Бел менен Кызартта шамал жана күн электр станциялары курулат

  • 5 месяцев мурун

Энергетика министрилиги кытайлык «NBTC Limited» компаниясы менен Нарын облусундагы Кызарт жана Семиз-Бел участокторунда шамал жана күн электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, меморандум 21-февралда энергетика министри Таалайбек Ибраев менен «NBTC Limited» компаниясынын башкы директору Цай Чжифан жолукканда кабыл алынган.

«Меморандумдун негизги максаты эки тараптуу кызматташтык мамилени тереңдетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунун Кызарт жана Семиз-Бел участокторунда шамал жана күн электр станцияларын куруу болуп саналат«, — деп жазылат маалыматта.

Энергетика министрлиги бул долбоордун баасы жана качан башталары тууралуу маалымат тараткан жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты