Энергетика министрлиги өлкө боюнча электр энергиясын өчүрүү жадыбалын жарыялады

  • 2 года мурун

Энергетика министрлиги Кыргызстанда электр энергиясын өчүрүүнүн графигин жарыялады.

Ага ылайык, өлкөнүн бардык аймактарында жарык берүү кезек-кезеги менен 2 саатка өчүрүлөт.

Кыргызстанда өткөн жумада быйылкы кыштагы эң суук күндөр болду. 11-январда аба ырайы кескин өзгөрүп, бир нече күн бою өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы -20 градустун тегерегинде, тоолордо -30га чейин жетти.

Буга чейин Энергетика министрлиги Кыргызстанда электр энергиясын керектөө өлкө тарыхында биринчи жолу суткасына 76,4 миллион киловатт саатка жеткенин маалымдаган. Мекеме кезеги менен атайылап өчүрүү жок экенин, чоң көмөк чордондоруна келтирилген күчтү азайтуу иштери жүрүп жатканын айткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жер-жерлерде жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жатканын белгилеп, элге ыңгайлуу болуш үчүн анын графигин берүүнү сураган.

Кыргызстандыктар ар кайсы аймактарда жарык маал-маалы менен өчүп жатканын социалдык тармактарда жазууда. Айрымдары өзгөчө ири шаарлар Бишкек, Ошто электр энергиясынын ар кайсы убакта өчүрүлгөнүнө нааразылык айтып жатышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты