Энергетика министрлиги Каптагаевдин билдирүүсүнө жооп берди

  • 12 месяцев мурун

Энергетика министрлигинин пресс-катчысы Айзада Сулайманова Эмил Каптагаевдин жана Турат Акимдин билдирүүсүнө жооп берди. Ал Каптагаевди жана Турат Акимди жалган маалымат таратып жатат деп айыптады.

Энергетика министрлиги Каптагаевдин билдирүүсүнө жооп берди

«Мамлекетте бир жакшы жумуш башталса эле — ага мурдун тыгып, жамандык издеп, ичи тардык кылгандар дароо пайда болот. 12 жылдан бери иштебей токтоп турган Жыргалаң көмүр кени, учурда Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорун жана Ананьево айылын көмүр менен камсыздоо үчүн иштеп баштаган.

Бул маалымат жарыялангандан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев агабыз менен өмүрүндө жакшы нерсени жазып көрбөгөн Турат Аким деген журналист агабыз сын айтып, жалган маалымат таратып жатат. Чоң эле кишилер калпты ышкыртып жазып жатса жарашпайт экен»,-деп жазган Сулайманова.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев Фейсбуктагы жеке баракчасында Министрлер кабинетинин Жыргалаң кенинин ишке киргизилиши боюнча тараткан маалыматын төгүндөгөн. Ал маалыматты жалган деп, ачылды делген кен Жыргалаң кени эмес экенин жазган.

Энергетика министрлиги Каптагаевдин билдирүүсүнө жооп берди

Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жыргалаң көмүр кенинин иши менен таанышкан. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдаган. Анда Жыргалаң кени 12 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турганы белгиленген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты