Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге эскертүү берилди
- 2 года мурун
Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге эскертүү берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 30-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Доскул Бекмурзаевди кабыл алды. Анда ал ага оозеки түрдө эскертүү берди.
Эске салсак, парламент жыйынында Доскул Бекмурзаев Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев менен кайым айтышкан.
Муну бөлүшүү