Энергетика министри Бишкек ЖЭБинин күз-кыш мезгилине даярдык иштерин текшерди 

  • 2 месяца мурун

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкектеги Жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгынын жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, министр турбиналык жана отказан цехте жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, ишкананын жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө министр ишкананын жетекчилигине оңдоо иштерин тездетүүнү жана бардык иштерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү, коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча кызматкерлер менен тыкыр иштерди жүргүзүүнү тапшырганы айтылат.

.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты