Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйү убактылуу жабылды

  • 1 год мурун

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйү 6-августка чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул убакыт аралыгында жаңы Перинаталдык борбордун имараты Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнө кошулат жана эски имаратты оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрөт.

Министрлик Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрү жана Чүй облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмү Бишкек шаарындагы кош бойлууларды, төрөт учурундагы, төрөгөн аялдарды бекитилген графикке ылайык кабыл аларын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты