Эмомали Рахмон жарандарды азык-түлүк камдап, согушка даярданууга чакырдыбы? Текшеребиз (Фактчекинг)

2-апрель күнү “Фабула пресс” гезитинде “Эмомали Рахмон жарандарды азык-түлүк камдап, согушка даярданууга чакырды”, — деген маалымат чыккан. Анда Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, дүйнө чыӊалган жана кризистик абалда экенин билдирип, жарандарды эки жылга жете турган азык-түлүк камдап, өлкөнүн эгемендүүлүгүн коргоого даяр болууга чакырганы айтылат. 

Эмомали Рахмон жарандарды азык-түлүк камдап, согушка даярданууга чакырдыбы? Текшеребиз (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Рахмондун кайрылуусу 

1-апрель күнү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Рамазан айынын башталышына карата майрамдык кайрылуу жасаган. Бул тууралуу маалымат Тажикстандын президентинин сайтында жарыяланган. 

Кайрылуусунда ал жарандарды алдыда күтүп турган кыйынчылыктарга даяр болууга жана өлкөнүн сувериндүүлүгүн коргоого чакырган. 

Эмомали Рахмон жарандарды азык-түлүк камдап, согушка даярданууга чакырдыбы? Текшеребиз (Фактчекинг)

Эмомали Рахмон кайрылуусунун көбүрөөк бөлүгүндө жарандарды эгин эгүүгө чакырып, күтүлүп жаткан азык-түлүк каатчылыгын алдын алуу маанилүү экенин белгилеген. 

Эмомали Рахмон жарандарды азык-түлүк камдап, согушка даярданууга чакырдыбы? Текшеребиз (Фактчекинг)

Мындан сырткары Рахмон, дүйнөдө байкалып жаткан дестабилдүүлүктүн фонунда, кээ бир мамлекеттердин көз карандысыздыгы суроо жаратып жатканын айткан. Ошондой эле, Тажикстандын эгемендүүлүгүн коргоого үндөгөн. 

Башкача айтканда, Эмомали Рахмон жарандарга кайсы бир мамлекет менен согушуу тууралуу кайрылган эмес. Бирок, Тажикстандын эгемендүүлүгүн баарынан мурда коргоого чакырып, эки жылда күчтүү болуу керектигин билдирген. 

Чечилбеген чек-ара көйгөйү

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек-ара маселеси бир топ жылдан бери чечилбей келет. Чырдуу бөлүктөр негизинен калктуу конуштар, талаштуу участокторго таандык.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамиле 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин курчуп кеткен. Андагы жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154 киши жаракат алган. Каза болгондордун арасында эки өспүрүм да болгон. Тажикстан тараптан 19 киши мерт болуп, 87 адам жабыркаганы кабарланган. 

Бул окуяга байланыштуу эки тарап бири-бирин күнөөлөп келет. Мындан сырткары, чек ара бөлүктөрүндө эки тараптын ок атышуусу да байма-бай катталып келет. 

Жыйынтык: Эмомали Рахмон жарандарды кайсы бир мамлекет менен согушууга даярдануу тууралуу айткан эмес. Ал, Тажикстандын эгемендүүлүгүн баарынан мурда коргоого чакырып, эки жылда күчтүү болуу керектигин билдирген. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты