Эми учактарда маалымат кыргыз тилинде берилет

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги аба транспортунда жүргүнчүлөргө мамлекеттик тилде маалымат берүү талаптарын күчөттү.

Маалыматка ылайык, эми аба кемелеринин бортунда жүргүнчүлөргө кыргыз тилинде милдеттүү түрдө маалымат берилет. Бул чара мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруу, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында киргизилди.

Жаңы талап Кыргызстанга, Кыргызстандан жана өлкө ичинде жүргүнчү ташыган бардык авиаташуучуларга, анын ичинде чет өлкөлүк авиакомпанияларга да тиешелүү болот.

Ага ылайык, жүргүнчүлөр үчүн негизги кулактандыруулар, анын ичинде коопсуздук жана авариялык кырдаалдар боюнча маалыматтар мамлекеттик тилде берилүүгө тийиш. Ошондой эле кыргыз тилиндеги маалымат башка тилдердеги мазмун менен толук шайкеш болушу керек.

Авиакомпанияларга бул талаптарды аткаруу жана мамлекеттик тилдеги кулактандыруулардын тексттерин даярдоо милдети жүктөлдү.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты