Эми дипломаттык жана кызматтык паспорт ээлери бир катар өлкөлөргө визасыз кире алышат

  • 2 года мурун

30-январда Жогорку Кеңеште дипломаттык жана кызматтык паспорт ээлерин бир катар өлкөлөрдүн аймагына кирип-чыгуу жана транзит менен өтүү үчүн  визалык талаптардан бошотууну караган мыйзам долбоорлору каралып, үч окууда тең кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сунушталган жалпы беш мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тааныштырган.

Аталган документке ылайык, Кыргызстандын дипломаттык жана кызматтык паспорту бар жарандары Черногория, Кипр, Албания, Венесуэла жана Таиландга барууда визалык талаптардан бошотулушат. Бул тууралуу аталган өлкөлөр менен болгон макулдашуулар 2024-жылдын сентябрында кол коюлган.

Талкуу маалында депутаттар тарабынан жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн да визасыз режим киргизүү жөнүндө ушундай келишимдерди кабыл алуу боюнча Тышкы иштер министрлигине сунуштар айтылган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты