Эми Бишкекте автобус жана троллейбустарда жол кирени Элкарт картасы менен төлөөгө болот
- 2 года мурун
Бишкекте автобус жана троллейбустарда жол кирени Элкарт картасы менен төлөөгө болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Жаңы функция пилоттук режимде бардык коомдук транспортто жеткиликтүү. Жол киренин акысын төлөө үчүн байланышы жок төлөмдү кабыл алуу белгиси бар «Тулпар» валидаторуна банк картасын тиркөө керек жана төлөм өткөнгө чейин бир-эки секунд күтүү керек. Терминалдар төлөм үчүн Кыргызстандын бардык банктарынын байланышы жок Элкарт карталарын кабыл алат. Жарандар жол акысын каалаган банктын контактсыз Visa карталары менен төлөөнү уланта алышат. Долбоорду борбор калаанын мэриясы Тулпар долбоорунун өнөктөш банкы «Кыргызкоммерцбанк» жана Элкарт улуттук төлөм системасы менен биргеликте ишке ашырды», -деп айтылат маалыматта.