Эми ар бир жаран Бишкектин абасына онлайн түрдө байкоо жүргүзө алат (шилтеме)

  • 2 года мурун

Эми Кыргызстандын ар бир жараны уюлдук телефонунан абанын сапатына онлайн камералар аркылуу байкоо жүргүзө алат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган министрлик «Кыргызтелеком» ишканасы менен биргеликте Боз-Бөлтөк иоосуна жана «Совмин» турак-жай комплексине камераларды орноткон. Камералар аркылуу Бишкек шаарынын ар бир жашоочусу атмосфералык абанын абалын жеке өзү көрө алат. Байкоону төмөнкү шилтеме менен жүргүзүүгө болот: https://online.kt.kg/

Аталган камералар төмөнкү максат менен орнотулганы айтылды:

* Ар бир жашоочуга абанын абалын реалдуу убакыт режиминде байкоо мүмкүнчүлүгүн берүү. 

* Мониторинг жүргүзүү, илимий изилдөө жана эскирген видео материалдарды манипуляциялоонун алдын алуу үчүн архивдик маалыматтарды түзүү. 

Сүрөт: mnr.gov.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты