Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин эки орун басары дайындалды

  • 4 месяца мурун

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин эки орун басары дайындалды.

Мамат уулу Чынгызбекти жана Дарманбек уулу Бакытты эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары кызматына дайындоо тууралуу тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бул тууралуу МинКаб басма сөз кызматы кабарлады.  

Мындан бир жума мурда Нурдөөлөт Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басарлыгынан жана Жаңыл Алыбаева министрдин орун басары кызматынан бошотулган. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты