Эмгек министрлигинин социалдык мекемелери текшерүүгө алынды

  • 2 года мурун

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги министрликтин социалдык мекемелеринде текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси, Шопоков шаарындагы үй-бүлө тибиндеги балдар үйү жана Сокулук районунун Маловодный айылында жайгашкан майыптыгы бар адамдар үчүн Сокулук реабилитациялык борбору текшерилди.

Анын жүрүшүндө азык-түлүк кампалары, кызмат алуучулардын жашоо шарты, социалдык мекемелердеги жылуулук жана жер-жерлерде кадрлардын бар экендиги текшерилди.

Маалыматта текшерүүнүн жүрүшүндө бузуулар аныкталбаганы, мекемелер штаттык режимде иштеп жатканы айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты