Эмгек министрлиги аркылуу 13 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө жумушка орношкон

  • 7 месяцев мурун

2023-жылы 13 миң 319 кыргызстандык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу чет өлкөлөрдө жумушка орноштурулган. Алардын ичинен 4,4 миң аял министрлик аркылуу кепилденген айлык акы жана социалдык пакет менен ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышкан. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

“Бардык жарандар алдын ала окуудан өтүштү. Дагы 129 миң адам миграциялык маселелер боюнча кеңештерди алышты.”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Министрликтен маалымдашкандай, бүгүнкү күндө Орусия, Улуу Британия, Түштүк Корея жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жумушка орношууга болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты