“Эмгек мигранттарынын укуктары бузулган учурлар көп”. Акыйкатчы Москвада баяндама жасады  

  • 20 часов мурун

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Москвада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынында Армения, Тажикстан жана Өзбекстандын миграциялык мыйзамдарынын аналитикалык баяндамалары менен тааныштырды.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, ал аталган өлкөлөрдүн Акыйкатчы институттарынын сунуштарын комиссиянын кароосуна киргизди. Сунушталган материалдарда аталган мамлекеттердин Акыйкатчы институттары ар бири өз өлкөсүнүн миграциялык мыйзамдарынын анализин көрсөтүштү.

 Жаңы кырдаалдарды эске алуу менен мигранттардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу максатында, КМШ өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү боюнча бир катар сунуштар комиссиянын кароосуна киргизилди. Бул маалыматтардын негизинде Кыргызстандын Акыйкатчы институту аналитикалык баяндама даярдады.

 Отурумдун жыйынтыгында КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясы бардык сунуштарды кабыл алды.

 Жаманбаева буга чейин, 24-июнда Санкт-Петербургда мигранттардын укуктарын коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын аналитикалык жыйнагын сунуштаган. Жыйындын жүрүшүндө, буга чейинки жана азыркы эки аналитикалык документти айкалыштыруу чечими кабыл алынды.

 “Бүгүнкү күндө, мигранттардын укуктары жана эркиндиктери жаатындагы көйгөйлөр абдан курч бойдон турат. Ошондуктан КМШ өлкөлөрүнүн Акыйкатчы институттары биргелешкен күч-аракеттерди жумшашыбыз керек. Өзгөчө эмгек мигранттарынын укуктары бузулган учурлар көп кездешет. Мына ушундан улам, КМШ өлкөлөрүнүн мигранттарынын укуктары жаатындагы ченемдик укуктук актыларын изилдөөнү сунуштоого түрткү болду”деди Жамиля Жаманбаева.

Сүрөт: Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы тарабынан берилди

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты