Эмдөөдөн кийин каза болду делген наристе боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы айтылды

  • 1 месяц мурун

Саламаттык сактоо министрлиги Нарын шаарында эмдөөдөн кийин каза болду делген үч жашар наристенин өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан комиссиянын алдын ала жыйынтыгын кабарлады.

Мекеме берген маалыматка ылайык, каза болгон үч жашар наристе андан башка жети бала менен бирге бир бөтөлкөдөн окшош вакцина менен эмделишкен. Каза болгон наристе ал бөтөлкөдөн бешинчи болуп эмделген. Калган жети баланын тең ден соолугу жакшы экендиги айтылды.

«Мындан тышкары, өлкө боюнча 814 598 бала кызамык жана кызылчага каршы эмдөө өнөктүгү учурунда коопсуз эмдөөдөн өтүп, вакцинанын сапатына ишеним көрсөттү» деп айтылган билдирүүдө.

Аталган мекеме учурда бул ишти Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетектөөчү эксперттер тобу тиешелүү улуттук жана эл аралык эксперттер жана өнөктөштөр менен биргеликте иликтеп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, үч жашар баланын эмдөөдөн кийинки өлүмү боюнча Нарын облусунун милициясы да иликтөө иштерин жүргүзүүдө. 

Эскертсек, Нарын шаарында эмдөөдөн кийин үч жашар С.У.нын чарчап калгандыгы боюнча ата-энелердин кайрылуусу социалдык тармактарга тараган. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги бул ишти иликтөө үчүн саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында атайын комиссия түзүлүп, 2021-жылы туулган С.У.га көрсөтүлгөн медициналык жардам жана эмдөө тууралуу иштерин текшерүүгө киришкен.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты