Элвира Сурабалдиева УКМКнын кысымына кабылгандар тууралуу маселени көтөрдү

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева айрым ишкерлер мурда УКМК тарабынан негизсиз басым-кысымга кабылганын айтып, бул маселени териштирүүнү президент Садыр Жапаровдон суранды.

Анын айтымында, ошол учурда мүлкүнөн ажыраган ишкерлер азыр кайрылуудан коркуп жатышат. Депутат алар арыз менен кайрылса, маселени президентке жеткирүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле ал УКМК тарабынан мамлекетке өткөрүлгөн мүлктөрдүн расмий тизмесин жарыялоону сунуштады.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров ИИМге, УКМКга жана Башкы прокуратурага ишкерлерден түшкөн арыздарды кылдат карап чыгууну тапшырганын айтты. Анын айтымында, мыйзамсыз алынган мүлк болсо, ээлерине кайтарылып берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты