«Электр станциялар» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды
- 9 месяцев мурун
«Электр станциялар» ишканасына Салават Садыракунов башкы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Садыракуновду эмгек жамаатына энергетика министри Таалайбек Ибраев 4-июлда тааныштырган.
Салават Садыракунов ушул эле кызматка 2021-жылдын аягында дайындалып, былтыр августта кайра алынган.
Мекемени буга чейин Таштан Коңурбаев жетектеп келген. Анын кызматтан алынган себеби тууралуу маалымат берилген жок.
Муну бөлүшүү