«Элдик» депутаттык тобу мамлекеттик ипотекалык насыялоо тармагындагы абалды талкуулады

  • 2 года мурун

«Элдик» депутаттык тобунун мүчөлөрү бүгүн, 17-июндагы фракция жыйынында Кыргыз Республикасында мамлекеттик турак жай курулушун ишке ашыруу боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниянын иши жөнүндө маселени карашты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында баяндама жасаган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымынын орун басары Тилек Жеембаев билдиргендей, өткөн жылы «Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак жай программасы кабыл алынган.

«Бул программа эки багытта ишке ашырылып жатат: «Жеңилдетилген ипотека» бюджеттик сектордун кызматкерлерине 4% жана «Арзан ипотека» — калктын калган категорияларына 8% менен берилет. Ошондой эле, ипотекалык насыялоо мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды. Статистика боюнча учурда 200 миңден ашуун жаран турак жайга муктаж», — деди Жеембаев.

Ал кошумчалагандай, Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык кредиттөө секторуна финансылык ресурстарды тартуунун үстүндө иштеп жатат. «Чет элдик инвесторлордун жана эл аралык донорлордун каражаттарын, анын ичинде ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүп жатат», — деди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымынын орун басары.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар жарандар үчүн ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, жарандардын турак жай шарттарын жакшыртуу жана социалдык турак жай курулушун өнүктүрүү, анын ичинде эконом-класстагы турак жайларды куруу боюнча бир катар сунуш-пикирлерди айтышты.

Депутат Максатбек Сарбагышев турмуштун кымбатчылыгына байланыштуу мамлекеттик ипотекалык насыялоо шарттары көпчүлүк жарандар үчүн дагы эле жеткиликтүү эмес экенин белгилеп, ошондой эле мамлекеттик эмес кызматкерлер үчүн үстөк пайызды 4% чейин төмөндөтүүнү сунуштады.

Жеембаев пайыздык чендердин айырмасын статистикалык маалыматтарга караганда бюджеттик тармакта иштегендердин эмгек акысы төмөн экендиги, ошондой эле валюталык тобокелчилик сыяктуу объективдүү себептер бар экендиги менен түшүндүрдү. Ошондой эле депутаттын суроосуна жооп берип жатып, электрондук порталда турак жай алуу үчүн 39 миңден ашык арыз катталганын, анын 12 миңи канааттандырылганын маалымдады.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков «Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак жай программасы 4% менен ишке ашырыла баштагандан бери канча адам үй алганын сурады. «Программа ишке ашырыла баштагандан бери 1372 адам 3,1 млрд сом өлчөмүндө ипотека алган, анын ичинен 2021-жылдын октябрынан декабрына чейин – 732, 2022-жылы – 640 жаран үйлүү болду», — деди МИКтин башка орун басары Амантур Оморов.

Өз кезегинде «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев «Менин үйүм 2021-2026» программасын жарандардын турак жайга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн 4% жеңилдетилген үстөк менен ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул программаны республиканын башка райондоруна, областтык борборлоруна жана чакан шаарларына жайылтуу керектигин, ошондой эле, ал турак жайы жок жаш үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоону күчөтүү зарылдыгын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты