«Элдик Банк» «Скай Мобайл» компаниясын (Beeline Кыргызстан брендин) сатып алды

  • 11 месяцев мурун

«Элдик Банк» ачык акционердик коому «Скай Мобайл» компаниясынын 100 пайыз акциясын (Beeline Кыргызстан бренди) сатып алды. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

“Бул чечим президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан ырааттуу мамлекеттик стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат жана улуттук кызыкчылыктарды бекемдөөгө, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экономиканы модернизациялоого багытталган” , — деп айтылат маалыматта.

Сатып алуу келишими ачык-айкын жана корпоративдик башкаруунун эл аралык стандарттарын сактоо менен жүргүзүлгөнү кабарланды.

«Элдик Банк» «Скай Мобайл» компаниясын сатып алуу менен жарандар жана бизнес үчүн технологиялардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, инновациялык өсүштү өбөлгөлөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты