Эльдар Алишеров ЕЭКке министр болду. Анын Акылбек Жапаров менен кандай байланышы бар?

  • 1 год мурун

Кыргызстандын Евразия экономикалык комиссиясындагы министри болуп Элдар Алишеров дайындалды. Бул тууралуу маалымат ЕАЭКтин сайтына 1-мартта жарыяланды.

Эльдар Алишеров ким?

Расмий жарыяланган биографиясына ылайык:

1985-жылы Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында төрөлгөн.
2007-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик университетин «Дүйнөлүк экономика» адистиги боюнча, ал эми 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча аяктаган.
Мамлекеттик кызматта эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде баштап, 2008-жылдан 2010-жылга чейин бөлүм башчысы кызматынан баштап, министрдин жардамчысына чейинки жолду басып өткөн.
2011-2014-жылдары бизнес-сектордо иштеген.
2014-жылдан 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн Аппаратында иштеген. 
2018-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басарынын кызматын ээлеген.
2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
2023-жылдын 1-мартынан тарта Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын бажы кызматташтыгы боюнча мүчөсү (министр) болуп дайындалды.
Бир катар ведомстволук сыйлыктары бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Үйлөнгөн, үч баланы тарбиялоодо.

Мындан сырткары, анын Акылбек Жапаров менен туугандык байланышыш бар. Тагыраагы, Акылбек Жапаровдун бир тууганы Талант Калчаевдин күйөө баласы. «ПолитКлиника» медиасы жарыялаган «Коррупциянын вакцинасы”: Премьер-министр Акылбек Жапаров менен экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун шектүү иштери» иликтөөсүндө Эльдар Алишеров Акылбек Жапаровдун күмөндүү иштерине аралашканын жазган эле. Иликтөөдө Акылбек Жапаровдун жакындары Бишкектин жанындагы жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн трансформациялап, сатып жиберишкени аныкталган. Акылбек Жапаровдун апасы Бегайым Саринжиеванын ишеним каты менен Эльдар Алишеров дал ошол жер тилкелерин саткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты