Элчилик: Орусияда убактылуу жүргөн кыргызстандыктар аскерге чакырылууда деген маалымат жалган

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аталган өлкөдө убактылуу жүргөн кыргызстандыктардын аскердик кызматка чакырылып жатканы жөнүндөгү маалыматты төгүндөдү.

«Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде РФнын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарын мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндө маалыматтардын таркашына байланыштуу анда көрсөтүлгөн бардык маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирет», — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу элчилик кыргызстандыктардан такталбаган маалыматтарды маалыматтарды таратпоого чакырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты