Элчи Улукбек Марипов Медина шаарында жашаган Кыргыз жарандары менен жолугушту

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Сауд Арабия падышалыгындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Улукбек Мариповдун Медина шаарында жашаган Кыргыз жарандары жана студенттери менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Марипов жарандарга президент жана Министрлер кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле билим берүү жана жаштарды колдоо боюнча мамлекеттик саясат тууралуу маалыматты берди.

Ошондой эле, биздин жарандарга президент тарабынан Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөлүк мекемелеринин алдына коюлган Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттер тууралуу маалыматты берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө жарандарыбыздын жана студенттерибиздин бардык суроолоруна, анын ичинде билим берүү тууралуу документтер боюнча жооптор берилди.

Марипов Сауд Арабиясында окуп жана иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн кошумча ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, аларды Элчилик уюштурган ар кандай иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

Ошондой эле, ажылыкты уюштуруу учурундагы көйгөйлөр менен таанышуу максатында элчи кыргызстандык зыяратчылар жана ажылык сапарды уюштуруучу Кыргыз Республикасынын компанияларынын өкүлдөрү менен өзүнчө жолугушуулары болуп өттү.

Маалымат үчүн: Сауд Арабиянын аймагында Кыргыз Республикасынын 600гө жакын жараны жашайт, алардын 230дан ашуусу студенттер жана алардын үй-бүлөлөрү. Студенттердин негизги бөлүгү Меккедеги белгилүү «Умм аль-Кура», Мадинадагы «Ислам университети», Эр-Рияддагы «Малик» жана «Имам» университеттеринде билим алышат.

Элчи Улукбек Марипов Медина шаарында жашаган Кыргыз жарандары менен жолугушту #57938
Элчи Улукбек Марипов Медина шаарында жашаган Кыргыз жарандары менен жолугушту #57937
Элчи Улукбек Марипов Медина шаарында жашаган Кыргыз жарандары менен жолугушту #57938 (preview)Элчи Улукбек Марипов Медина шаарында жашаган Кыргыз жарандары менен жолугушту #57937 (preview)
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты