Элчи Текебаев Германиянын экономика комитетинин директору менен жолугушту
- 12 месяцев мурун
Германиянын Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэль Хармс менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Германиянын экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалын талкуулашып, соода-сатык жана инвестициялык тармактагы байланышты кеңейтүү боюнча маселелерди карашты. Элчи Текебаев эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелеринин чоң потенциалын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле, быйыл Кыргызстанда жогорку деңгээлдеги кыргыз-герман бизнес-форуму жана Кыргыз-Герман Ишкер Кеңешинин кезектеги жыйынын уюштуруу маселелери да талкууланды.
Муну бөлүшүү




