Элчи Клара Самат Орусияда жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктардан кабар алды

  • 2 года мурун

Кечээ, 9-сентябрда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Москва облусу боюнча Жаза аткаруу федералдык кызматы башкармалыгынын ИК-5 Федералдык мамлекеттик мекемесинде жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандарынан кабар алып келди. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Орусиянын жазаларды-аткаруу тутумунун бул мекемесинде Кыргызстандын 11 жараны жазасын өтөп жатат.

«Аталган жарандар менен жолугушууда КР дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы РФнын аймагында соттолгон Кыргызстандын жарандарын жаза мөөнөтүн андан ары өтөө максатында Кыргызстанга кетирүүнүн тартиби жөнүндө маалымат берип, ошондой эле жарандардын суроолоруна жооп берди жана алардын суроо-талаптары эске алынды», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, элчилик дипломатиялык өкүлчүлүктүн жүргүзүп жаткан укук коргоо иш-чараларынын алкагында жогоруда аталган категориядагы жарандар менен иштөөнү улантат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты