“Эл-журт дагы турак жайын камсыздандырып койгонду үйрөнүш керек”. Президент селден жабыркагандар тууралуу

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июлда, “Кабар” агенттигине маек куруп, селден жабыркагандарга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөрүн билдирди. Ошол эле учурда эл-журт дагы турак жайларын камсыздандырып коюуну үйрөнүш керектигин эскертти.  

“Селден жабыркагандарга келе турган болсок, албетте, мамлекет тараптан жардам көрсөтүлөт. “Барып комиссия түзүп, жеринен көрүп текшерип чыккыла, жабыркагандарга мамлекет тараптан кандай жардамдарды беришибиз керек экен, сунуш киргизгиле” деп Акылбек Үсөнбековичти жибергем».

«Эми эл-журт дагы турак жайларын камсыздандырып, каттап койгонду үйрөнүш керек. Камсыздандырылган үй болсо селденби, жер титирөөдөнбү, өрттөн же табияттын башка кырсыгынан жабыркап калса, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тез арада толук ордуна тургузуп берет эле” деди президент.

“Ошондуктан, учурдан пайдаланып бардык жарандардан мамлекеттик камсыздардыруу компаниясына мүлктөрүңөрдү каттаткыла дейт элем. Көп деле акча болбойт. Кокус кырсык болсо камсыздандыруу компаниясы мүлкүңөрдүн ордун толук толтуруп берет. Ал – мамлекеттик компания. Мамлекеттин көзөмөлүндө болот” деди Садыр Жапаров.

14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кеткени кабарланган.

15-июлда Ош шаарынын Катта-Терек участкасына жакын жерден ӨКМ куткаруучулары тарабынан аял кишинин сөөгү табылган. Андан мурдараак 6 жашар кыздын сөөгү табылган. 15-июлда Өзбекстандын Анжиян  шаарынын Шахронсой сайынан болжол менен 2005-ж.т. Н.М. жана 2014-ж.т. Н.М. аттуу кыздардын сөөгү табылган. 16-июлда, 1985-жылы туулган Б.А. аттуу аялдын сөөгү Өзбекстан куткаруучулары тарабынан Андижан шаарындагы сайдан табылды.

Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен. Шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел болуп, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты