“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды

  • 1 год мурун

Кыргызстанда “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сынакка дүйнөнүн 100 мыкты университетинин тизмесине кирген  окуу жайга кабыл алынган жарандар катыша алат.

Документтерди онлайн кабыл алуу 1-июндан 30-июнуна чейин жүргүзүлөт. Андан тышкары, документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетке тапшыруу керек.

Сынакка катышуу шарттары тууралуу кененирээк бул жерден тааныша аласыз.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты