Эл аралык университетинин миң метрден ашык кыймылсыз мүлкү жеке менчикке өтүп кеткенин бийликтегилер билген эмес. ПолитКлиниканын иликтөөсү

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетине тийиштүү 30 объектинин жарымына жакыны мурунку же азыркы бийликтеги чиновниктер менен байланышы бар адамдарга өтүп кеткен. Бирок, бул жөнүндө мамлекеттик органдарга эч нерсе белгисиз деп «Политклиника» медиасынын иликтөөсүндө айтылган.

Иликтөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, 2021-жылдын сентябрь айына карата Эл аралык университеттин Бишкекте жана Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан миң чарчы метрден ашык кыймылсыз мүлкү жеке колдорго өтүп кеткен. Бирок бул тууралуу университеттин администрациясында маалымат жок.

Журналисттердин суроолоруна университеттин администрациясы бир канча жыл мурун, Өкмөттүн буйругу менен, мамлекеттик мүлктүн көбүн Билим берүү министрлигине өткөрүп бергенин жана мүлктүн андан кийинки тагдыры жөнүндө кабары жок экенин билдиришкен.

Бирок, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду университеттин администрациясынын берген жообун жокко чыгарды — фонддун маалыматы боюнча, 2020-жылдын сентябрына карата 30 объектинин баары университеттин карамагында болгон.

Ошол эле учурда иликтөөчү журналисттер миң чарчы метрдин жаңы ээлерин аныкташкан. Алардын арасында мурунку жана азыркы аткаминерлердин бир туугандары бар экендиги аныкталган.

Мисалы, Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан коттеджерге бир канча депуттатын бир туугандары ээлик кылышат. Алардын арасында депутаттар Бакыт Төрөбаев жана Азамат Арапбаевдин бир туугандары бар. 

Ал эми ондон ашык мамлекеттик объект кантип жеке колдорго өтүп кеткенин «ПолитКлиниканын» иликтөөсүнөн окусаңыздар болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты