Эл аралык уюмдар Өзбекстанда блогерлерге кысым күчөгөнүн белгилешти

  • 2 месяца мурун

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда жергиликтүү блогер Умид Миралиев катуу сабалды. Блогер иниси экөөнү жергиликтүү бийликтин буйругу менен сабашканын айтууда.

Кашкадарыялык блогер Умид Миралиев кол салуудан кийин майып болуп калды. Ал сөз эркиндиги үчүн күрөшүп, социалдык маселелер боюнча материалдарды жарыялап, элге жардам берип келген. Бирок 2022-жылдан тарта жергиликтүү бийлик ага кысым көрсөтүп келгени айтылып жаткан.

Акыркы убакта Өзбекстанда көйгөйлүү темаларды чагылдырган же бийликти сындаган блогерлерди куугунтуктоо, камакка алуу жана камоо фактылары көбөйүүдө. Белгилей кетсек, абактагы өзбек блогерлеринин көбү өлкөнүн жогорку даражалуу жетекчилерин сынга алышкан.

«Борбор Азиядагы адам укуктары» ассоциациясы Өзбекстандагы блогерлер жана соцтармактардагы активисттер тууралуу акыркы 3-3,5 жылды камтыган баяндамасын жарыялады. Маалыматта 110 интернет колдонуучу өлкөдөгү окуялар, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү, шайлоо өнөктүгү жана башка темалар боюнча пикирин ачык билдиргени үчүн саясий негизде сот жообуна тартылганы айтылат. «Укук коргоо органдары каракалпакстандык оппозиционерлерге жана активисттерге өзгөчө катаал мамиле жасайт. Өзбек бийлиги чет өлкөдө жашаган блогерлердин билдирүүлөрүнө алардын өлкөдө жашаган жакындарына кысым көрсөтүү аркылуу жооп кайтарат», — деп жазылган анда.

Шавкат Мирзиёев президенттикке келген алгачкы жылдары журналисттерди, соцтармактагы активисттерди жана блогерлерди жөн эле сынга албастан, аткаруу бийлигин аёосуз сынга алууга чакырганы маалым.

Эл аралык уюмдар чакырык сөз жүзүндө калганын, чын-чынына келгенде өзбек бийлиги сынды көтөрө албай, башкача ой жүгүрткөндөргө кысым көрсөтүп жатканын белгилейт.

Сүрөт коллажы: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты