“Эл аралык Армиянын оюндары-2022” ачылыш аземи болуп өттү
- 2 года мурун
15-августта Орусиянын «Патриот» Конгресс-көргөзмө борборунун аймагында “Эл аралык Армиянын оюндары-2022” ачылышы аземи өттү. Бул тууралуу Коргоо министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстандын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, Орусиянын Коргоо министри, армиянын генералы Сергей Шойгу жана “АрМИ-2022” мелдешине катышкан мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.
Эске салсак, “Танка биатлону-2022” эл аралык сынагы 15-августтан 27-августка чейин өткөрүлөт. Сынак жеке жарыш, жарым финал жана “Эстафета” турат. Турнирдин катышуучулары мелдеш майданына багыт алуу, танктарды башкаруу, атуунун тактыгы жана окту башкаруу боюнча көндүмдөргө ээ болушат.
Муну бөлүшүү