Эл акыны Менди Мамазаированын 80 жылдык юбилейи белгиленди

  • 1 год мурун

12-июнда Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчулөр театрында Кыргыз Республикасынын эл акыны Менди Мамазаированын 80 жылдык юбилейине карата “Жазуучу жана Театр” аттуу чыгармачылык кечеси болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акындын чыгармачылык кечесине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Эл аралык Түрк маданияты “ТҮРКСОЙ” уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков катышып, акындын кыргыз поэзиясындагы салмактуу ордун, турмуштук терең философияны камтыган чыгармалары тууралуу кеңири сөз кылышып, акынды 80 жаш кутман курак мааракеси менен куттукташты.

Акындын чыгармачылык кечесине Мамлекеттик жетекчилерден тышкары анын жакын санаалаштары болгон белгилүү маданият ишмерлери, тактап айтканда СССРдин эл артисттери Дарика Жалгасынова, Кайыргүл Сартбаева, коомдук ишмер Роза Айтматова, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мелис Абакиров, Кыргыз Республикасынын эл акыны Асан Жакшылыков ж.б. көрүнүктүү маданият ишмерлери катышып, куттуктоо сүздөрүн арнашты.

Андан соң, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын артистери тарабынан көп кырдуу таланттын ээси Меңди Мамазаированын чыгармаларынын негизинде театрлаштырылып даярдалган поэзия кечеси көрүүчүлөргө тартууланды. Кыргыз эл акыны Менди Мамазаирова 1943 — жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкан айылында туулган. Студент кезинен эле республикалык газета, журналдарга чыгармалары жарыялана баштайт. Натыйжада, «Саламатсыңбы, Күн?», «Тур, улуу журт», «Элим ай!», » Ош- Азия гоохары» ж.б. поэтикалык жыйнактары жарык көргөн. Ал эми прозалык чыгармалары: «Турумтай «, «Акимдин махабаты», «Аймаран”, драмалары: «Аппак аял, Айдай кыз», «Актриса», » Үй камагы», «Кечиктим!»,»Кымгуут түшкөн бир кечте» ж.б.Менди Мамазаирова Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Эл аралык Махмут Кашгар атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын эл акыны. Ал чыгармалары менен кыргыз элине өчпөс из калтырган белгилүү акын Жолон Мамытовдун жубайы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты