“ЭКСПО- 2023 Доха” жарманкесинин алкагында Кыргызстандын Улуттук күнү белгиленди

  • 6 месяцев мурун

22-январда Катар мамлекетинин Доха шаарында “ЭКСПО-2023 Доха” жарманкесинин алкагында “Жашыл чөл – жакшы чөйрө” ураан алдында Улуттук күндүн расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул эл аралык маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасы тарабынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов, ал эми Катар мамлектинен “ЭКСПО- 2023 Доха” жарманкесинин Башкы комиссары Бадер Аль Дафа мырза ж.б. катышты.

Министр өз сөзүндө туруктуу өнүгүү үчүн жаратылыш ресурстарын жоопкерчиликтүү пайдалануу биздин милдетибиз экенин белгилеп, Кыргызстан уникалдуу табигый кооздугу жана бай биологиялык ар түрдүүлүгү бар өлкө катары экологиялык жактан туруктуу коом түзүүгө умтулуп, жаратылышты урматтоого жана экологиялык аң-сезимдүү коомду түзүүгө шыктандырган искусство жана маданий демилгелерди колдорун билдирди.

Ошондой эле “ЭКСПО- 2023 Доха” жарманкесине катышуу үчун келгендерге ыраазычылыгын билдирип, “ЭКСПО — бул биз үчүн маданиятыбыз менен бөлүшүү, башка өлкөлөрдүн маданий салттары жөнүндө көбүрөөк билүү жана жаңы байланыштарды түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Биз биргеликте гармониялуу дүйнөлүк коомчулукту түзүү үчүн ачык диалогго жана тажрыйба алмашууга даярбыз”-деди министр.

Ачылыштын алкагында Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли чакан маданий программа тартуулады.

Андан соң тараптар биргеликте Катар мамлекетинин жана Кыргыз Республикасынын павильондору менен таанышып чыгышты.

Кыргызстандын павильонунда кыргыз боз үйү, шырдагы, комузу, тери, темир буюмдары, зер буюмдары, байыркы кыргыз жоокерлеринин соот-шаймандары, салттуу жана заманбап кийимдери, улуттук-тамак ашы анын ичинде кургатылган жер-жемиштери, дандын түрлөрү, балы, куруту, шербети, кыямдары жана башкалар сунушталды.

Эске салсак, “ЭКСПО-2023 Доха” жарманкеси 2023-жылдын ноябрь айында башталган, 2024-жылдын март айына чейин созулат.

Каалоочулар март айынын аягына чейин Кыргызстандын айыл чарба продукциялары менен тааныша алышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты